Алия Шагиева ит уруштургандардын кармалышы боюнча үн каттыАрмениядан Кыргызстанга баңгизат жүгүртүүгө айыпталган адам экстрадицияландыСадыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Москвага баратЫсык-Көлдө 231 балыкты мыйзамсыз кармаган үч жаран кармалдыКыргызстанда конфискацияланган дары-дармек өсүмдүктөрүн сатуу сунушталуудаКыргызстандан бал экспорттоо 10 айда 572 тоннага жетти
Армениядан Кыргызстанга баңгизат жүгүртүүгө айыпталган адам экстрадицияланды
10.11.2026 | 12:45

Армениядан эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Аны өткөрүп берүү Армениянын компетенттүү органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Тергөө маалыматтарына ылайык, айыпталуучу башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген.
Ал Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына камалды.
Кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар