Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
19-ноябрдын аба-ырайы: Айрым жерлерде жаан жаайт
19.11.2025 | 09:00

Бүгүн, 19-ноябрда, Чүй, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым өрөөндөрүндө жана дыйканчылык аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Ал эми бийик тоолордо жана ашууларда карга айланышы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык жана бир аз булуттуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 2…7°C, күндүз 14…19°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 2…4°C, күндүз 14…16°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 2…4°C, күндүз 16…18°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 4…6°C, күндүз 17…19°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 1…3°C, күндүз 14…17°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+2°C, күндүз 8…11°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -4…-6°C, күндүз 4…6°C болот.
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 2…4°C, күндүз 15…17°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом