Соода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенет

Соода чакан жана орто бизнестин негизги тармагы бойдон калууда. 2025-жылы мындай субъекттердин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо тармагындагы жүгүртүүсү 1 714,9 млрд сомду түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,5%га көп. Алардын өлкөдөгү жалпы соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү 76,6%ды түзгөн. Эң чоң үлүш жеке ишкерлерге (33,1%) туура келет. Андан кийин чакан ишканалар (31,9%) жана орто ишканалар (11,6%) турат.
Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 2025-жылы 63,4 млрд сомду түзгөн. Республика боюнча бул тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн 60,4%ы жеке ишкерлерге, 12,8%ы орто ишканаларга, 6,3%ы чакан ишканаларга туура келген.
Чакан жана орто бизнестин жүк ташуу көлөмү 31,1 млн тоннага жеткен. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 19,6%га, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 36,1%га көп. Өлкөдөгү автомобиль транспорту менен жүк ташуунун дээрлик жарымын (46,3%) жеке ишкерлер аткарган.
Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү азайган. 2025-жылы 440,3 млн адам ташылган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 3,9%га, 2021-жылга салыштырмалуу 1,7%га аз. Алардын 58,4%ын жеке ишкерлер ташыган.
Чакан жана орто ишканалар почта жана курьердик байланыш кызматтарын 1 404,3 млн сомго көрсөтүшкөн. Бул рыноктогу алардын үлүшү 56,2%ды түзгөн.