20-апрелге карата аба ырайы

20-апрелге карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кар, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +13…18

Талас облусу

түнкүсүн +1…+6, үшүк жүрүшү мүмкүн — 0…-2

күндүз +12…+17

Баткен облусу

түнкүсүн +3…+8

күндүз +18…23

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +3…+8

түштөн кийин 18…23

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +1…+6, үшүк жүрүшү мүмкүн — -1…-3

күндүз +7…+12

Нарын облусу

түнкүсүн +1…+6 (-1…-3) үшүк жүрөт

күндүз +10…+15.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип,  абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>