Кыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда «Манасчы» макамын расмий бекитүү жана анын ээлерине ай сайын 62 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйакы төлөп туруу сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, бул демилге «Манас» эпосун айтуу өнөрүн сактоо жана өнүктүрүүгө, манасчыларды колдоого жана салтты жаш муунга өткөрүп берүүгө багытталган.
Министрлик мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө да бар экенин белгилейт. Мисалы, Якутияда олонхо эпосун аткаруучуларга ай сайын 30 миң рубль өлчөмүндө стипендия төлөнсө, Калмакстанда — 2 миң доллар, Өзбекстанда бакшы жана маком аткаруучуларына — 500 доллар берилет. Кытайда айылдык деңгээлдеги манасчылар 3,5 миң юань, ал эми мамлекеттик деңгээлдегилер 35 миң юань алышат.
Кыргызстанда сунушталып жаткан сыйакынын өлчөмү манасчылардын учурдагы маянасын жана өлкө боюнча орточо айлык акыны эске алуу менен аныкталган.
Маданият министрлигинин маалыматына караганда, артист-манасчынын эң жогорку маянасы салыктар кармалгандан кийин болжол менен 50 миң сомду түзөт, ал эми республика боюнча орточо номиналдык айлык акы 2026-жылдын январь — август айларында 55 079 сомго жеткен.
Долбоорго ылайык, макам улутуна, жынысына жана курагына карабастан Кыргызстандын жарандарына берилет.
Бирок сынакка катышуу үчүн бир катар талаптарга жооп берүү зарыл:
- кеминде 15 жыл манасчылык өнөрү менен үзгүлтүксүз алектенүү;
- улуттук жана эл аралык деңгээлде таанымал болуу, чыгармачылык жана устаттык ишмердүүлүк жүргүзүү;
- Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн бардык жети облусунда манасчылык өнөрүн жайылтуу тажрыйбасына ээ болуу;
- сынактарга, фестивалдарга жана маданий иш-чараларга катышканын, ошондой эле устаттык ишмердүүлүгүн тастыктаган документтерди көрсөтүү;
- конкурстук угуу учурунда «Манас» үчилтигинин он эпизодунан үзүндү аткарып берүү.
Тандоону эки жылда бир жолу өткөрүү пландалууда. Талапкерлерге Маданият министрлигинин алдындагы 11 адамдан турган эксперттик комиссия баа берет.
Сынак үч этапта өтөт: өтүнмөлөрдү кабыл алуу, документтерди текшерүү, андан кийин ачык угуу жана маектешүү. Сынактык тандоонун жүрүшүн толугу менен видеого жазуу сунушталууда.
62 миң сом кандайча төлөнөт
Сынактын жеңүүчүлөрүнө «Манасчы» макамы ыйгарылып, алар менен бир жылдык мөөнөткө акчалай сыйакы тууралуу келишим түзүлөт. Ай сайын төлөнүүчү каражат салыктар жана милдеттүү төлөмдөр кармалганга чейин 62 миң сомду түзөт.
Бирок каражатты алуу иштин натыйжасына жараша болот.
Манасчылар маданий иш-чараларда өнөр тартуулап, шакирттерди тарбиялоого, чеберчилик сабактарын өткөрүүгө, эпосту тасмага/үн жазууга, илимий жана агартуучулук долбоорлорго катышууга тийиш.
Манасчылар ай сайын өз ишмердүүлүгү боюнча отчет берип турушат. Бир жыл ичинде кеминде 200 эсептик көрсөткүчтү аткаруу зарыл.
Бир жыл өткөндөн кийин эксперттик комиссия иштин натыйжаларына баа берет.
Эгерде манасчы жогорку чыгармачылык ийгиликтерди көрсөтсө, төлөм дагы бир жылга узартылат. Белгиленген көрсөткүчтөр аткарылбаса, сыйакы төлөө токтотулушу мүмкүн, бирок «Манасчы» макамы өзүндө сакталып калат.
Ошол эле учурда бул макамдын болушу манасчыларды башка мекеме-уюмдарда иштөө жана материалдык же социалдык колдоонун башка түрлөрүн алуу укугунан ажыратпайт.
«Манас» театрында эмнелер өзгөрөт
Долбоор ошондой эле «Манас» Кыргыз улуттук театрынын штаттык түзүмүн кайра карап чыгууну да карайт.
Негиздеме-маалымкатта учурда театрда бир катар зарыл кызмат орундары, анын ичинде драма артисттери, фольклордук-этнографиялык ансамблдин артисттери жана сахна монтёрлору жок экени белгиленет. Бул мекеменин толук форматтуу спектаклдерди, мюзиклдерди жана концерттик программаларды коюу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Мындан тышкары, кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү жана кызматкерлердин жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу үчүн кадрлар боюнча инспектор кызматын киргизүү сунушталууда.
Өзгөртүүлөрдүн алкагында театрдын штаттык түзүмүнөн «артист-манасчы» кызматы боюнча 23 бирдикти чыгарып, алардын ордуна башка адистердин 18 штаттык бирдигин киргизүү пландалууда.
Маданият министрлигинин эсептөөлөрү боюнча, бул эмгек акы фондунан болжол менен 4,9 миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Манасчыларга төлөмдөр үчүн 2027-жылы республикалык бюджеттен 20 миллион 63 миң 820 сом бөлүү пландалууда.
Жаңы системаны ишке ашыруу менен Маданият министрлиги алектенет. Ведомство макам ээлеринин реестрин жүргүзөт, сынактарды уюштурат жана милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөйт.
Анара Мамытова