2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайт

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа ишке кирет. Бул тууралуу Аскат Алагөзов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, бийлик бул программага чоң үмүт артып, 2027-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында инфляциянын эң төмөнкү көрсөткүчүнө жетет деп эсептөөдө. Ал программанын чоо-жайын айткан жок.
«Кудай буюрса, бул боюнча чоң үмүттөрүбүз бар. 2027-жылды Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында инфляциянын эң төмөнкү көрсөткүчү менен жыйынтыктайбыз», — деди Алагөзов.
Буга чейин Улуттук банк 2026-жылга карата инфляция боюнча божомолун өзгөртүүсүз калтырган. Жылдын аягына чейин инфляция 15%га жетиши мүмкүн. Бул Улуттук банктын 2026-жылдын экинчи чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда жана Reporter.kg басылмасынын суроосуна берилген расмий жоопто айтылган.
Экинчи чейректин жыйынтыгы боюнча инфляция 11,1%ды түзүп, биринчи чейректеги 10,1%дан жогорулаган. Июнь айында жылдык инфляция 11,0%га жеткен.