Кыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан

20.10.2026 | 10:17
Почти 400 граммов золота и 2 кг серебра пытались ввезти без документов — Новости Кыргызстана

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Манас» эл аралык аэропортунда коштоочу документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды өлкөгө алып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда жалпы баасы 9,6 млн сомдон ашкан 376 зер буюм аныкталган. Алардын ичинен 396 грамм салмактагы 147 алтын буюм жана жалпы салмагы 1 килограмм 979 грамм болгон 229 күмүш буюм болгон.

Эреже бузгандыгы үчүн административдик айып салынды. Ошондой эле мыйзамдарда каралган юридикалык жана салыктык жол-жоболор жүргүзүлдү.

МСК баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды ташууда мыйзам талаптарын сактап, коштоочу документтерди алып жүрүү зарылдыгын эскертти.

Теги: ГНС
Scroll to Top