Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугушту

Бүгүн, 19-октябрда, Самарканд шаарында өткөн «Борбордук Азия – АКШ» («С5+1») министрлер жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле өлкөгө америкалык инвестициялар менен технологияларды тартуу маселелерин карашты.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин, анын ичинде тоо-кен казып алуу, энергетика, маалыматтык технологиялар, транспорт жана финансы тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгиледи.
Жолугушууда санкциялык саясат жана визалык маселелер да талкууланды. КР президентинин атайын өкүлү Бакыт Сыдыков санкциялык чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. Кыргыз тарап бул багытта АКШ менен диалогду улантууга даяр экенин ырастады.
Мындан тышкары, Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганына байланыштуу уюмдун алкагындагы кызматташтыктын келечеги каралды.