Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдө

13.10.2026 | 13:08
В городе Ош проводят побелку и покраску фасадов многоэтажных домов — Новости Кыргызстана

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын оңдоо жана актап-сырдоо иштери жүрүүдө. Быйылкы жылдын тогуз айында 50 үйдүн тышы акталды. Жыл аягына чейин дагы 20 үйдүн сыртын бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер «Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай коммуналдык ишканасы» тарабынан жүргүзүлүүдө. Планда 2026-жылдын ичинде 70 көп кабаттуу үйдүн фасадын актап-сырдоо каралган.

Ал эми былтыр, 2025-жылы, шаар аймагында 50 көп кабаттуу үйдүн сырты акталып-сырдалган. Мэрия шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү иретке келтирүү иштери мындан ары да улантыларын маалымдады.

Теги: Ош шаары
Scroll to Top