Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулат

Ош шаарынын аймагындагы 69,76 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Комплекс 18 лотко бөлүнүп, эт-сүт багытындагы чарбаларды жүргүзүү жана азыктарды кайра иштетүү үчүн фермерлерге жана ишкерлерге ижарага берилет. Аталган аймакта мал чарба фермалары, эт жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалар, лабораториялар жана муздаткыч кампалар жайгашат.
Мэрия учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Комплекс ишке киргенде 980ден ашык жаран туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.
Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясы «Коңур-Жаз» участогунда сыйымдуулугу 20 миң куб метр болгон суу сактагыч куруп жатат. Бул суу сактагыч пайдаланууга берилгенден кийин комплекс менен бирге 400 гектар кайрак жер сугат жерине айланып, тоют маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.