Кытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?

Акыркы эки жарым жылда Кыргызстанга ташылып келген унаалар рыногунда лидер өзгөрдү. 2024-жылдын башында Кытайда чыгарылган унаалар импорттун 13%ын түзсө, 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде алардын үлүшү 54%га жеткен. Ал эми кореялык унаалардын үлүшү ушул эле мезгилде 46%дан 33%га чейин төмөндөгөн. Мындай маалыматтарды 2024-жылдын февралынан 2026-жылдын сентябрына чейинки транспорт каражаттарын алып келүүнүн мамлекеттик реестрине талдоо жүргүзгөн Blik.kg порталы келтирди. Бул мезгилде реестрге 326 миң 730 жеңил унаа киргизилген.
Унаа импорту өсүүдө. 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстанда 118,6 миң жеңил унаа катталган. 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 87,9 миңди түзгөн. Демек, өсүш 35% болгон. 2026-жылдын сентябры байкоо жүргүзүлгөн бүткүл мезгилдеги рекорддук ай болуп, анда 17 миңге жакын унаа катталган.

Чейректер боюнча өсүш төмөнкүдөй болду: 2024-жылдын үчүнчү чейрегинде 26,3 миң, 2025-жылдын үчүнчү чейрегинде 36,8 миң, ал эми 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде 47,1 миң унаа катталган.
Өлкөлөрдүн үлүшү кандай өзгөрдү?
Төмөндө өлкө дегенде унаа чыгарылган жер айтылат. Ал Кыргызстанга башка өлкөдөн ташылып келиниши мүмкүн.
Лидердин алмашуусу дароо болгон эмес. 2024-жылдын үчүнчү чейрегинде Кытайдын үлүшү импорттун 35%ын түзүп, жыл аягына карата ал биринчи жолу Кореядан озуп кеткен. Бирок кышында кытайлык унаалардын үлүшү төмөндөп, 2025-жылдын биринчи чейрегинде 47%дан 19,6%га чейин түшкөн. Ошол учурда Кореянын үлүшү 57,5%га чейин өскөн.
Кытай 2025-жылдын үчүнчү чейрегинде гана биротоло алдыга чыккан. Ошондо кытайлык унаалар импорттун 46,7%ын, кореялык унаалар 36,6%ын түзгөн.
Ошондон бери Кытай биринчи орунду сактап, анын үлүшү өсүүнү улантууда.
Бул мезгилде америкалык унаалардын үлүшү үчтөн экиден ашык кыскарган. 2024-жылдын башында алар импорттун 17,5%ын түзсө, азыр бул көрсөткүч 5,1%ды түзөт. Япония менен Германияда чыгарылган унаалардын жалпы үлүшү импорттун 7%ына да жетпейт.
Реестрдеги маалыматтар жалпысынан расмий статистикага дал келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи жарымында Кытайдын үлүшү 49%, Кореяныкы 33% болгон. Ал эми ошол эле мезгилдеги реестрде бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 52% жана 34%ды түзгөн.
Changan — ар бир төртүнчү унаа
Эң көп ташылып келген бренд — Кытайдын Changan маркасы. 2026-жылдын январь–сентябрь айларында бул бренддин үлүшүнө импорттун 27%ы туура келген. Бул Kia же Hyundai маркаларынын ар биринин көрсөткүчүнөн жогору.

Эң популярдуу модель — Changan UNI-Z кроссовери. Ушул тогуз айда мындай үлгүдөгү 11 миң 756 унаа катталган. Башкача айтканда, бул мезгилде катталган ар бир онунчу унаа Changan UNI-Z болгон.
Андан кийинки орунда 7 миң 227 унаа менен Hyundai Sonata турат. Үчүнчү орунду 6 миң 941 унаа менен Changan Qiyuan Q05 ээлеген. Эң көп ташылып келген беш моделдин катарына ошондой эле Changan CS75 Plus (5 миң 105) жана GAC AION i60 (4 миң 128) кирген.
Эң көп ташылып келген беш кытайлык моделдин тизмесиндеги бешинчи унаа — Changan X5 Plus. Анын 2 миң 749 даанасы катталган. Бул беш модель Кытайдан келген унаалардын жалпы санынын дээрлик жарымын түзөт. Алардын төртөө Changan маркасына таандык.
Кореялык унаалардын ичинен Sonataдан кийин Kia K5 (3 миң 838), Chevrolet Spark (2 миң 940) жана Hyundai Grandeur (2 миң 431) моделдери көбүрөөк ташылган.
АКШда чыгарылган унаалардын арасында негизинен Subaru Outback (1 миң 512), Toyota Highlander (939) жана Toyota Camry (869) моделдери бар. Toyota менен Subaru маркалары 2026-жылдын январь–сентябрь айларында катталган америкалык өндүрүштөгү унаалардын үчтөн экисин түзгөн.
Кытайдын жаңы унаалары жана Кореянын колдонулган унаалары
Өлкөлөрдүн ортосундагы негизги айырма — унаалардын жашында. Кытайдан келген унаалардын көбү жаңы. Каттоо учурунда кытайлык унаалардын медианалык жашы нөл жылды түзөт. Алардын 80%ы бир жылдан ашпаган унаалар. Ал эми сегиз жыл жана андан улуу кытайлык унаалардын үлүшү тегеректегенде 0%ды түзөт.
Кореялык унаалардын медианалык жашы — алты жыл. Алардын 60%ы катталган учурда алты-жети жылдык болгон. Америкалык унааларда да ушундай көрүнүш байкалат: медианалык жашы алты жыл, ал эми 59%ы 2019–2020-жылдары чыгарылган.
Япониялык унаалардын медианалык жашы да алты жылды түзөт. Каттоо учурунда алардын 52%ы алты-жети жылдык болгон. Германиялык унаалар бир аз жаңыраак: медианалык жашы беш жыл.
Демек, Кыргызстанга ташылып келген жаңы унаалардын дээрлик бардыгы Кытайда чыгарылат. 2026-жылы катталган бир жылдан ашпаган 51 миң унаанын 98%ы Кытайда өндүрүлгөн.
Үчүнчү чейректе импорттун жарымынан көбүн гибриддер жана электромобилдер түздү
Кытайлык унаалар менен кошо рынокко кыймылдаткычтын жаңы түрлөрү да кирди. 2024-жылдын үчүнчү чейрегинде ташылып келген унаалардын 86,8%ы ички күйүүчү кыймылдаткыч менен жабдылган. Ал эми 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде алардын үлүшү 46,9%га чейин төмөндөгөн.
Гибриддер 32,2%ды, электромобилдер 20,8%ды түзгөн. Экөөнү кошкондо импорттун жарымынан көбү чыгат.
2026-жылдын үчүнчү чейрегинде гибриддердин жана электромобилдердин бештен төрт бөлүгү Кытайда чыгарылган. 2026-жылы Кытайдан келген унаалардын 29%ын гибриддер, дагы 29%ын электромобилдер түзгөн. Калган 41%ы ички күйүүчү кыймылдаткычы бар унаалар болгон.
Кореядан келген унаалардын түзүмү башкача: 86%ы кадимки кыймылдаткыч менен жабдылган, 13%ы гибриддер, ал эми электромобилдердин үлүшү 1%дан аз. Ошол эле учурда документтерде кадимки кыймылдаткычы бар унаалардын баарында эле күйүүчү майдын конкреттүү түрү көрсөтүлгөн эмес.
Япониядан келген унаалардын жарымы гибриддер болсо, АКШдан келген унаалардын арасында гибриддердин үлүшү 26%ды түзөт.
Reporter.kg маалымкаты: Blik.kg маалыматы боюнча, электромобилдердин эң көбү 2026-жылдын сентябрында катталган. Бул алардын импортуна берилген бажы алымысыз квотанын аяктап баратканына туш келген. Жылдык квота 25 миң электромобилди түзөт. 2026-жылдын 22-сентябрына карата квотада 252 орун калган. Квота бүткөндөн кийин электромобилдерге бажы наркынын 15%ы өлчөмүндө алым салынат.
Июль айында 2,9 миң электромобиль катталса, сентябрда бул көрсөткүч 4,6 миңге жеткен.
Жаңы кытайлык унаабы же колдонулган кореялык седанбы?
Натыйжада сатып алуучулар көп учурда бирдей баадагы жаңы кытайлык кроссовер менен колдонулган кореялык унаанын ортосунда тандоо жасашат. Blik.kg 2026-жылдын октябрындагы жарыяларда көрсөтүлгөн бааларды салыштырган. Төмөндө медианалык баалар жана жүргөн аралыктар келтирилди. Баалар унаанын модели жана чыгарылган жылы боюнча эсептелген, бирок кайсы өлкөдөн ташылып келгени эске алынган эмес. Бул — сатуучулар сураган баалар, иш жүзүндө түзүлгөн келишимдердин баасы эмес.

Жаңы Changan UNI-Z үлгүсүндөгү унаа 1 млн 350 миң сом турат. 2019–2021-жылдары чыгарылган Hyundai Sonata унааларын болжол менен 1 млн 50 миң сомго сатышат. Алардын жүргөн аралыгы 218 миң чакырымды түзөт.
Ушул эле жылдардагы Kia K5 үлгүсүндөгү унаалардын баасы 1 млн 240 миң сом, жүргөн аралыгы 166 миң чакырым. Hyundai Grandeur 1 млн 320 миң сомдон сатылып, орточо 190 миң чакырым жүргөн.
2025–2026-жылдары чыгарылган Changan Qiyuan Q05 үлгүсүндөгү унааларды 1 млн 290 миң сомго, ал эми Changan X5 Plus моделин 1 млн 80 миң сомго сунушташат.
Ушул эле жылдардагы америкалык унаалар кореялык седандарга караганда кымбатыраак. 2019–2021-жылдары чыгарылган Toyota Camry 1 млн 570 миң сомдон, Subaru Outback 1 млн 500 миң сомдон сатылууда.
Америкалык унаалардын баасы кореялык седандарга салыштырмалуу 200 миңден 500 миң сомго чейин кымбат. Бирок алардын жүргөн аралыгы азыраак: 110–130 миң чакырым. Кореялык унааларда бул көрсөткүч 166–218 миң чакырымды түзөт.
Маалыматтарга байланыштуу эскертүүлөр: Талдоонун айрым чектөөлөрү бар. Реестрге расмий дилерлер алып келген унаалар кирбейт. Ошондуктан реестрдеги көрсөткүчтөр Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда төмөн. Мисалы, 2025-жылы реестрде 123 миң жеңил унаа көрсөтүлсө, Улуттук статистика комитети 139 миң унааны каттаган. Россияга транзит менен өткөн унаалар да реестрде дээрлик көрүнбөйт. Демек, маалыматтар негизинен Кыргызстанда каттоо үчүн таризделген унааларды чагылдырат. Ички күйүүчү кыймылдаткычы бар унаалардын 37%ында күйүүчү майдын түрү белгисиз. Баалар сатуу тууралуу жарыялардан алынгандыктан, алар иш жүзүндө түзүлгөн бүтүмдөрдүн баасын эмес, сатуучулар сураган сумманы көрсөтөт. Changan UNI-Z жана CS75 Plus сыяктуу айрым моделдер боюнча жарыялар аз болгон. Ошондуктан алардын медианалык бааларын болжолдуу көрсөткүч катары кароо керек.