Кыргызстандын аймагында дагы 43 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 22+1 Санкт-Петербургдан келгендер;
Ош ш. — 5;
Чүй облусу — 1;
Ош облусу — 4;
Нарын облусу — 8;
Баткен облусу — 2.
Республика боюнча ооруну жуктургандардын жалпы саны 1313гө жетти.