Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкек милициясы: Мамлекеттик имараттардан бомба табылган жок
22.06.2026 | 14:52

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаадагы бир нече мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу маалыматтар тастыкталбаганын билдирди. Текшерүү иштеринин жыйынтыгында имараттардан жардыруучу заттар табылган жок.
Белгилей кетсек, борбор калаадагы 15тен ашык мамлекеттик мекемеге бомба коюлганы тууралуу билдирүүлөр түшкөн. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги, Экономика министрлигинин жана Жогорку Кеңештин имараттарынан кызматкерлер эвакуацияланып, аянттар курчоого алынган. Окуя болгон жерлерге дароо милиция кызматкерлери, адистер жана кинологдор барып, коопсуздук чараларын көрүшкөн.
Милиция учурда калган бир нече объектилерде текшерүү иштери улантылып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Бишкек