Бишкекте сурдо футзал боюнча биринчи Азия чемпионаты өтөт

Бишкек шаарындагы «Алга» стадионунда сурдо футзал боюнча биринчи Азия чемпионаты өткөрүлөт. Чемпионат 26-июндан 5-июлга чейин уланат. Ал эми анын салтанаттуу ачылышы 27-июнда саат 11:00дө башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдешке Азиянын 6 өлкөсүнөн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Бахрейн, Оман жана Сауд Арабиясынан эркектер жана кыз-келиндер курама командалары катышат. Бул чемпионат 2027-жылы Австрияда өтүүчү Кышкы Дефлимпиада оюндарына жолдомо берүүчү квалификациялык мелдеш болуп саналат.
Агенттиу бул мелдеш – Борбордук Азия аймагында Азиянын сурдо футбол федерациясынын (ADFF) алкагында өтүп жаткан алгачкы чемпионат экенин билдирди. Анын максаты сурдо футзалды аймакта өнүктүрүү жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.