Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
22.08.2026 | 10:00

Бүгүн, 22-августта, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с, күндүз айрым жерлерде 15–20 м/с чейин күчөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 14…19°C, күндүз 29…34°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 25…30°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 29…34°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 29…34°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 29…34°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 22…27°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 22…27°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 17…19°C, күндүз 29…31°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы