Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдө

Бүгүн, 21-сентябрда, Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилиянын Кыргызстандагы элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык байланыштар, инвестиция тартуу, айыл чарба, билим берүү жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелерин талкуулашкан. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Жолугушууда ошондой эле айыл чарба багытында технологияларды колдонуу, тажрыйба алмашуу жана техникаларды жергиликтүү өндүрүшкө киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.
Билим берүү чөйрөсүндө студенттердин эл аралык долбоорлорго катышуусу жана Enactus кыймылынын алкагында иштешүү маселеси көтөрүлгөн. Энергетика тармагында гидроэнергетика, суу ресурстарын пайдалануу жана ирригация боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле Ош шаарына инвестиция тартуу багыттары каралган.
Жолугушуунун соңунда тараптар аталган тармактар боюнча кызматташууну улантууну макулдашышкан.