Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулатКыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыктыИран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырдыБишкекте жеке турак үй өрттөндүКыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?
Бокс боюнча Азия чемпиону Гузаль Исматова каза болду
24.02.2021 | 14:52
Бокс боюнча Азия чемпиону өзбекстандык Гузаль Исматова 25 жашында онкологиялык оорудан улам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Билдирүүгө таянсак, мушкер айым соңку жылдары мелдештерге катышпай келген. Гузаль Исматова оор салмакта (+81) күч сынашчу. Ал 2014, 2015, 2017-жылдары Өзбекстандын чемпиондугун жеңген.
2017-жылы Вьетнамда өткөн Азия чемпиондугунда алтын байге тагынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт