Үч эркек зордуктаганын айткан 19 жаштагы бала тосмо арыз жазды

Үч эркек зордуктаганын айткан 19 жаштагы бала тосмо арыз жазды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 3 эркек зордуктап жүргөнүн айтып, милицияга кайрылган адам тосмо арыз жазды. Бул тууралуу “Репортерго” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганы чын. Бирок бул факты оор кылмыштардын катарына киргендиктен, факты боюнча тергөө иштери улантылат”, – деп кабарлады басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин Чаткал районунун 19 жаштагы тургуну аны 2 бөлөсү жана дагы бир айылдашы бир нече жыл зордуктап жүргөнүн айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>