“4 киши келсе дагы ашпозчу чакырат”. Гүлшат Кутманова конок тосуу сырлары тууралуу

“4 киши келсе дагы ашпозчу  чакырат”. Гүлшат Кутманова конок тосуу сырлары тууралуу

Гүлшат Кутманова төрт жыл мурда эле ашпозчулукту үйрөнүп, кейтеринг жаатында жаңы эле  иштей баштаганына карабай кыска убакытта кардарларынын санын көбөйтө алды. Учурда майрам алдында үйдө конок тосуудан, кеңселердеги кечелерден колу бошобой турган чагы.

Бирок ага карабай Reporter.kg’ге жаңы жылдык дасторконго ылайыктуу салаттардын сырлары менен бөлүшүп, ашпозчунун жумушундагы оор-кыйыштарды айтып берди.

Гүлшат Кутманова жаңы жылдые үстөлгө көнүп калган салаттарды жасабай, жаңыларга көңүл бөлүүнү сунуштайт. Ал учурда базардан баардык керектүү азыктарды табууга болорун айтат.

Ашпозчулук – бул кирешелүү өнөр

Гүлшат тамак жасап, стөлдү кооздоп, түрлүү даамдарга толтурганды жактырчу.  Бул таланттын өркүндөтүү максатында атайын курска окуп, андан ары дароо эле кондитор жана ашпозчулукту киреге булагына айлантып алды.

Төрт жылдан бери кейтеринг менен алектенет. Кээде бир нече кесипкөй ашпозчулар менен чогуу мааракелерди тейлесе, кээде өзү жардамчылары менен барып, кардардын конокторуна даамдарын даярдайт.

“Жумасына жок деген бир жолу буйрутма болот. Бош деле жүрбөйбүз. Иш-чара жок күндөрү кондитерге буйрутма түшүп, аны жасап каламын”, — дейт Гүлшат.

Куда тосуп, келин киргизип, шерине өткөрүп

Азыр конок тосордо абысын-келиндерди эмес, атайын кызматтарды жардамга чакырышат. Үйдө өтө турган маараке үчүн дагы 1 ай бою ашпозчу менен келишим түзүп, жасай турган тамактардын тизмеси талкууланат.

“Куда тосуу, келип киргизип, үй той өткөрүп, же жөн эле шерине болуп калса дагы азыр ашпозчу чакырышат. Абысын-келиндер мурдагыдай кызмат кылбай, конок болуп кетишет. 4-5 конок үчүн дагы атайын кызматты чакыргандар бар. Биз мындайча айтканда келин болуп жүрөбүз”, — дейт Гүлшат.

Анын айтымында, бул аялдар такыр эле дасторкон жая албай калды дегенди билдирбейт. Болгону  атаандаштык рол ойноп, меймандарды таң калтыруу аракетин көрүшөт.

“Ар кандай үйгө барабыз, ар кандай кожойкелер болот. Бир жолу бир эже бизди ашканасында көрүп эле кууп чыкты. Эмне болгонун билбей дендароо болуп коридордо тизилип туруп калдык. Анан эле бир убакта “эмне менден сурабай менин ашканама киресиңер?” десе боло. Ушундай чырлуу кожойкелер дагы болот”, — дейт Гүлшат.

Жайында көбүнчө Ысык-Көлгө чакыруу болот. Ал жакта пансионат, коттеждерде конок тосуу өтөт.

“Көлгө чакырып, бирок ошол жерде айрым кырдаалдан улам акчабызды бербей калышкан. Өзүбүз алып барган тамактарды жеп кайта бергенбиз”, — дейт ал.

«Тренддеги» тамактар жана салаттар

Кардарлар “эң мыкты болсун” талабын айтышат. Аны ишке ашыруу ашпозчунуну милдети. Айрым учурда топ 2-3 апталап ойлонуп, кардардын көңүлүн тапканга аракет кылат.

“Кыргыздар эми этсиз тамакты  жактырбайт. Андыктан ушул жагын эске алабыз. Балык, крем шорполорго азыр талап күч. Кээде четтен келген коноктор болот, аларга улуттук тамак-ашты өзгөчө кылып даярдап бергенге араке кылабыз”, — дейт Гүлшат.

Дасторкондун кооздугуна дагы өзгөчө маани берилет.

“Мен мөмө-жемиштерди кесип, кооздогонду жактырам”, — дейт Гүлшат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Тэги: жаңы жыл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>