Туман түшүп, түнкүсүн үшүк жүрүп, тоолорго кар жаайт: 14-ноябрга карата аба ырайы

14.11.2026 | 10:00
Туман түшүп, түнкүсүн үшүк жүрүп, тоолорго кар жаайт: 14-ноябрга карата аба ырайы — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 14-ноябрда, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын (тоолуу аймактарда кар) жаайт. Өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

  • Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5°C, күндүз 4…9°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн 0…-5°C, күндүз 3…8°C;
  • Ош облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 8…13°C;
  • Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 8…13°C;
  • Баткен облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 8…13°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1°C, күндүз 3…8°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -6…-1°C, күндүз 3…8°C;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°C, күндүз 6…8°C болот (жаан-чачын күтүлбөйт);
  • Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°C, күндүз 6…8°C болот (түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт).
Теги: погода
Scroll to Top