Ала-Тоо аянтына бийиктиги 32 метрлик башкы балаты орнотулууда

10.11.2026 | 15:00
Ала-Тоо аянтына бийиктиги 32 метрлик башкы балаты орнотулууда — Новости Кыргызстана

Бишкектин борбордук аянтына өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу башталды. Иштер 9-ноябрда башталып, ага «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тартылган.

Балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр болот. Анын негизи металл каркастан туруп, ага 3 800 ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.

Балатыны орнотуу борбор калааны Жаңы жылга карата жасалгалоо иштеринин бир бөлүгү болуп саналат. Иштер декабрь айынын ортосуна чейин уланат.

Теги: мэрия
Scroll to Top