4-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

4-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 4-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Айрым аймактарга туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6, Ч

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>