Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
6-май: Кыргызстандын айрым облустарында жаан жаайт, калган аймактарда — жаан-чачын күтүлбөйт
06.05.2026 | 09:00
Бүгүн, 6-майда түнкүсүн жана күндүз Нарын облусунда жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу жолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн, — деп билдирет Кыргызгидромет.
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 22…27°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 22…27°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 23…28°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 23…28°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 23…28°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 16…21°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 6…11°C, күндүз 19…24°C;
- Чолпон-Атада жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн 9…11°C, күндүз 16…18°C. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с;
- Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 11…13°C, күндүз 25…27°C болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом