Бишкекте кышкы мезгилге карата 190 орундуу баш калкалоочу жайлар ачылды

Бишкекте күз-кыш мезгилине карата туруктуу жашаган жери жок адамдар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды. Борбор калаанын үч районунда жалпысынан 190 орун каралган.
Октябрь району. Ноябрь айынан тарта 12-кичи райондо (А. Токомбаев көчөсү, 1а) 80 адамга ылайыкталган убактылуу баш калкалоочу жай иштеп жатат. Ал 2027-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.
Ленин району. Трудовая көчөсү, 10 дарегиндеги «Мээрим борбору» коомдук фондунда балалуу аялдар үчүн 40 орундуу баш калкалоочу жай ачылды. Бул жерде убактылуу турак жай, күнүнө бир жолу ысык тамак жана социалдык жардам көрсөтүлөт.
Биринчи май району. Жибек Жолу проспектиси, 413 дарегинде жайгашкан «Коломто» муниципалдык мекемеси жыл бою иштейт. Ал 70 адамга ылайыкталганына карабастан, күн сайын 70тен 100гө чейин адам түнөп, тамак-аш менен камсыз болот.
«Коломто» мекемесинде түнөк жана күнүнө бир жолу акысыз тамактануудан тышкары, медициналык кароодон өткөрүү кызматтары да көрсөтүлөт. Анын ичинде флюорография, RW жана ВИЧке кан анализдери, ошондой эле алгачкы санитардык тазалоо жүргүзүлөт.

Баш калкалоочу жайларга жарандар өз алдынча кайрыла алышат. Мындан тышкары, жардамга муктаж адамдарды ал жакка кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жана тез жардам бригадалары жеткиришет.