Ала-Арчада жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү тоңгон абалда табылды

Ала-Арча капчыгайында дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 14 жаштагы Амирдин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, куткаруучулар аны саат 16:00 чамасында Электро чокусунун аймагынан таштардын арасынан табышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм суукка тоңуп каза болгон.
Эске салсак, 7-ноябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында Амир үйүнөн чыгып, жакындарына Ала-Арчадагы чуркоо жарышына катышууга кеткенин айткан. Бирок жаш курагына байланыштуу ал жарышка катышууга киргизилбей калып, андан соң өз алдынча Адыгене капчыгайын көздөй кеткен. Өспүрүм ошол эле күнү саат 19:02де ӨКМга телефон чалып, Адыгене чокусунан түшүп келе жатып адашып калганын билдирген. Геолокация аркылуу анын Электро чокусу тарапта экени аныкталган.
Мекеменин маалыматында, бул учурда куткаруучулар тобу Рацек алачыгында башка жарандарды эвакуациялап жатышкан. Тоодо байланыш болбогондуктан, аларга маалымат саат 22:00дө жеткен. Рацек алачыгынан түшүү эки саатка жакын убакытты алгандыктан, топ бөлүнүп, үч куткаруучу түн ортосунда Электро чокусун көздөй чыккан. 8-ноябрда издөө иштерине кошумча куткаруучулар, тик учак тартылган.