Кара-Балтада дубал урап калды: ресторандын 19 жаштагы кызматкери каза болду

05.05.2026 | 19:50

Кечээ, 4-майда Жайыл районунун ИИБ нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тез жардам кызматынан Кара-Балтадагы ресторандардын биринде адамдын үстүнө дубал урап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуядан 19 жаштагы К. Э. жабыркаган. Ал алган жаракатынан улам каза болуп, сөөгү өлүкканага жеткирилген.

К. Э. 2025-жылдын мартынан бери аталган ресторанда администратор болуп иштеп жүргөнү аныкталды. 4-майда болжол менен саат 12:00дөр чамасында ал агасы жана кесиптештери менен жайкы аянтчада болгон. Ошол учурда күтүүсүздөн шлакоблоктун дубалынын жогорку бөлүгү кулап, жайкы аянтчанын бастырмасын (навесин) басып калган. К. Э. урандылардын астында калып, көз жумган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, ресторандын имаратына бекитилген жана жайкы аянтчаны жаап турган бастырмага жаандын суусу толуп калган. Бул дубалга ашыкча күч келтирип, анын урап калышына алып келген», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Scroll to Top