Кыргызстан менен Өзбекстан интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашты

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык делегация Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар укук коргоо органдарын санариптештирүү жана интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашты.
Жолугушууларда прокурордук көзөмөлдү автоматташтыруу, кылмыш сот өндүрүшүн электрондук форматта жүргүзүү, санариптик далилдер менен иштөө, мамлекеттик маалыматтык системалар менен маалымат базаларын интеграциялоо маселелери талкууланды.
Интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде шектүү финансылык операцияларды ыкчам аныктоо жана бөгөт коюу үчүн антифрод-системаларды колдонуу, банктардын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү каралды.
Башкы прокуратурада белгилешкендей, тажрыйба алмашуу укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүүгө, интернет-алдамчылыктын алдын алууга жана жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган.