ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
“Реал” менен “Челси” жеңүүчүнү Лондондо аныктайт
28.04.2021 | 08:32
Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалынын алкагында “Реал Мадрид” өз үйүндө “Челси” командасын кабыл алды.
1/2 финалдагы алгачкы оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Англиялык клубдан 14-мүнөттө Кристиан Пулишич гол киргизди, ал эми “королдук” клуб 29-мүнөттө Карим Бенземанын голу менен жооп берди.
Мындан улам, эки команда жеңүүчүнү 6-майга караган түнү Лондондо боло турган жооптук оюнда аныкташат.
Бүгүн, 29-мартка караган түнү Чемпиондор лигасынын дагы бир жарым финалдык беттеш орун алат. Париж шаарында жайгашкан “Парк де Пренс” стадионунда ПСЖ англиялык “Манчестер Ситини” кабыл алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт