Садыр Жапаров казинолордун ачылуусуна каршы чыгууга даяр

Садыр Жапаров казинолордун ачылуусуна каршы чыгууга даяр

Президент Садыр Жапаров казинолорду ишке киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна вето коюуга даяр. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат.

Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда Президент өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алган учурда вето коюуга даяр.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>