Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Акжол Махмудов машыктыруучусуна Lexus унаасын белек кылды
03.10.2021 | 12:40
Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан балбан Акжол Махмудов машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 унаасын белек кылды. Бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына спорт журналисти Тахир Гафуров жазды.
Учурда Мейрамбек Ахметов Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында калыстык кылып жаткандыктан Махмудов унаанын ачкычын машыктыруучусунун жубайына тапшырган.
Спортчу унаа үй-бүлөсүнүн атынан берилип жатканын белгилеп өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом