Жалал-Абад облусу Тогуз-Торо районунун Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында «Audi-100» унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 36 жаштагы Э.А. аттуу эркек адам каза болгон.
Жерине Тогуз-Торо райондук 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгү унаадан чыгарылып, ишти милицияга өткөрүп беришкен. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.