Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоору: салттардын уландысы жана келечектин стратегиясыБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулатКыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең менен сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталдыБлогер Sary Kyz: Мен Кыргызстандын туризм боюнча амбассадору болдум. Бул абдан сонунДанияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырдыКыргыз мунай компаниясынын директору алмашты
Бишкек: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көмүр менен камсыздалат
06.10.2021 | 15:49
Бишкек шаарындагы 4,1 миңден ашуун жакыр үй-бүлөгө кышка көмүр даярдоо үчүн 21,4 млн сом берилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Азыр 3,6 миңден ашуун үй-бүлө 18,5 миллион сом өлчөмүндө компенсация алышты. 2021-2022-жылытуу мезгилине карата калк үчүн 123 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда.
Калк тарабынан көмүр сатып алуу график боюнча 2021-жылдын июлунан башталган. 2021-жылдын 1-октябрына карата калк 55,9 миң тонна көмүр сатып алышкан, бул жылдык пландын 45% ын түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом