Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкек: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көмүр менен камсыздалат
06.10.2021 | 15:49
Бишкек шаарындагы 4,1 миңден ашуун жакыр үй-бүлөгө кышка көмүр даярдоо үчүн 21,4 млн сом берилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Азыр 3,6 миңден ашуун үй-бүлө 18,5 миллион сом өлчөмүндө компенсация алышты. 2021-2022-жылытуу мезгилине карата калк үчүн 123 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда.
Калк тарабынан көмүр сатып алуу график боюнча 2021-жылдын июлунан башталган. 2021-жылдын 1-октябрына карата калк 55,9 миң тонна көмүр сатып алышкан, бул жылдык пландын 45% ын түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом