Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы жазында көтөрүлөт
27.10.2021 | 15:28
Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы качан көтөрүлөт? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго берди.
Жапаров 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен жогорулайт. Жыйынтык чыккандан кийин канчага көтөрүлөт, билинет. Азыр салыктан жана бажыдан түшкөн каражатты декабрь-январь айларында ирээтештирип алсак тагыраак айта алабыз. Айлыктар бир гана салыктын эсебинен жогорулашы керек. Салык канчалык көбөйүп, жакшы чогула баштаса ошого жараша көтөрүлөт.
Мугалимдер менен дарыгерлерге буга чейин да бир канча жолу айлыктары көтөрүлөөрү айтылган болчу.
Жогорку Кеңеш 2022-жылдын бюджетин карап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика