Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Дамирбек Асылбек уулу парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты
27.10.2021 | 15:32
Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Дамирбек Асылбек уулу талапкерлигин №35 Ак-Суу шайлоо округунан көрсөткөн болчу.
Ал 16-октябрда БШКга документтерин тапшырган. БШК Асылбек уулунун сотуулугу бар-жогун аныктоого Башкы прокуратура, Жогорку сот жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган.
Бирок ыйгарым укуктуу органдардан расмий жооп келгенге чейин 2021-жыдын 25-октябрында Асылбек уулу шайлоого катышуудан баш тарткандыгы тууралуу БШКга арыз жазган.
https://reporter.kg/sottolgon-damirbek-asylbek-uulu-kajradan-shajloogo-barat/
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат