Кыргызстан менен Жапония кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашуунун долбоорун талкууладыБишкекте заманбап балдар оорукана имараты ишке берилдиКыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени өтүүдөКыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын тогуз айында 1,24 триллион сомго жетти«Таксист-маньяк»: Кумарбектин кылмыштарынын коркунучтуу хронологиясыМадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттү
БШК депутаттыкка талапкер Талиповго эскертүү берди
29.10.2021 | 09:36
№3 Кадамжай шайлоо округу менен депутаттыкка талапкер Нургали Талиповго кат түрүндө эскертүү берди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кабыл алышты.
Маалыматка караганда, Талипов Кадамжай районундагы Кылыз-Булак айылындагы Коксал Топтан орто мектебинин окуучуларына мектеп формаларын тараткан. Бул маалыматты камтыган видео социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган.
Шайлоо мыйзамында буга тыюу салынган. Бүгүн үгүт иштери башталды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат