Казакстанда AZAL учагы кулаган кырсык боюнча Орусия Азербайжанга кенемте төлөйтБишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды: төрт автобустун каттамы өзгөртүлдүЖалал-Абад милициясынын башчысынын орун басары менен тергөөчүсү пара менен кармалдыЖээнбек Кулубаев Москвадагы ТИМ башчыларынын жолугушууларына катышатБишкек жана Чүй облусундагы сүт заводдорунун лабораториялары стандарттарга шайкештиги боюнча текшерилдиЫмыркайлардын скрининги ооруларды эрте стадиясында аныктоого жардам берет – Саламаттык сактоо министрлиги
Бишкек: Унаалардын дөңгөлөктөрүн уурдап жүргөн жаран табылды
15.11.2021 | 10:42
Ушул жылдын 30-октябрь күнү Таш-Көмүр көчөсүндөгү үйүнүн жанында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасынын төрт дөңгөлөгүн уурдатып жиберген тургундун буюмдары табылды. Бул туурасында Октябрь райондук милицясы билдирди.
Маалыматка караганда, ыкчам аракеттин натыйжасында милиция кызматкерлери 26 жаштагы жаранды кармады. Көрсө, ал уурдаган дөңгөлөктөрдү өзүнүн автоунаасына тагып алган. Мүлк ээсине кайтарып берилген.
Кылмышка шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүүнүн ушул сыяктуу төрт кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом