Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга каршы оюнда 2 гол киргизгенге жетишти.
Алгачкы голду 15 минутада 8-номердеги Гүлжигит Алыкулов киргизсе, экинчи голду Мирлан Мурзаев 41 минутада киргизгенге жетишти. Ал экинчи ыргак менен уюшулган чабуулду таамай соккусу менен жыйынтыктады.
Азыркы тапта эсеп сандары 2-0. Биринчи тайм соңуна жетти.
Беттеш Монголиянын баш калаасы Улан-Батор шаарындагы борбордук стадионунда өтүүдө.
Белгилей кетсек, бул оюн 2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат.