Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум Атамбаевсиз башталды
15.10.2019 | 15:10
Бүгүн,15-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз өлкөдөн чыгып кетиши боюнча соттук алдын ала уктуруу башталды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Соттук уктурууга Алмазбек Атамбаев келген жок.
«Алмазбек Атамбаев соттук уктурууга келбей турганын башынан эле айтып келет. Бирок эки ирет отурум жылдырылган. Бүгүн Атамбаевсиз эле башталды», – деди Жоошев.
Буга чейин Атамбаев соттук уктурууга мажбурлап алып келсе, ал ачкачылык жарыялай турганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат