Садыр Жапаровдун мурдагы үйү сатыкка коюлду
Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаровдун мурда жашап келген үйүн сатыкка койду.
Компаниянын расмий сайтында маалымдалгандай, аталган эки кабаттуу турак-жай Бишкек шаарынын Кудайбергенов көчөсү, 81а дарегинде жайгашкан. Сатуу 24-декабрда саат 11:00дө өтөт. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер – Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228.
“Мамлекеттик ипотекалык компания президент белек кылган үйдү сатыкка койду. Түшкөн акча-каражатка даяр батирлер сатып алынат. Батирлер “Менин үйүм 2021-2026” турак жай програмасынын катышуучуларына “кийин сатып алуу” механизми боюнча ижарага берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Турак-жайдын баштапкы баасы 33 млн 700 миң сом.
Эскерте кетсек, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров мурда өзү жашап келген эки кабаттуу үйдү кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Аида Төлөгөновага тапшырган. Ал «Менин үйүм 2021-2026» жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында «МИК» ААКсына муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого жардам берүүнү каалай турганын билдирди.