Добуш берүү күндөрү өлкө боюнча калкты тейлөө борбору жана калкты паспорттоштуруу бөлүмдөрү тарабынан 1 миң 301 паспорт берилген. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, бардык калкты тейлөө борборлору жана паспорттук көзөмөл бөлүмдөрү дем алыш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштешти. Ошентип, 27-ноябрь күнү ишемби күнү 1 миң 13 жарандын даяр ID-паспортторун алып кетишкен. Ал эми жекшемби күнү, 28-ноябрда болгону 288 жаран болгон.