Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Дыйкандар өндүргөн продукциясын Бишкектеги жарманкеде сата алышат
01.12.2021 | 18:16
Айыл чарба министрлиги айыл чарба өндүрүүчүлөрүн кызматташууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жыл аягына чейин Бишкектин борборунда ар жума сайын айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Жарманке Киев менен Токтогулдун ортосундагы Раззаков көчөсүндө дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 16:00гө чейин өтөт.
“Жарандар айыл чарба жана тамак-аш азыктарын (жумуртка, эт, сүт, жашылча ж.б.) өндүрүүчүнүн баасында, ортомчуларсыз сатып ала алышат”, – деп айтылат Айыл чарба министрлигинин маалыматында.
Жарманкеде өз продукциясын сатууну каалаган айыл чарба өндүрүшчүлөрү 0707-70-27-03, 0771-94-94-99 телефондоруна кайрылса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика