Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
Аскар Акаевден “Кумтөр” боюнча бардык шектенүүлөр алынды
20.12.2021 | 11:55
Өткөн аптада Бишкекке келген Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Москвага кайра кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Өздүк булактын маалыматына ылайык, экс-президенттен “Кумтөр” боюнча бардык шектенүүлөр алынып, тергөө “Кумтөр” кениндеги инвесторлор менен келишим түзүүдөн акча жана жеке пайда алган эмес деген бүтүм чыгарган.
“Аскар Акаев Кыргызстанга каалаган убакта ээн-эркин келе алат”, – деп кошумчалады булак.
Аскар Акаев Кыргызстанга 2005-жылдан бери биринчи жолу ушул жылдын август айында келген. Ал Кумтөр иши боюнча УКМКда көрсөтмө берди. Экинчи ирет ал Бишкекке өткөн аптада келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат