Бишкек: Мектеп окуучулар үчүн жол кире 8 сом болуп калышы мүмкүн

Бишкек: Мектеп окуучулар үчүн жол кире 8 сом болуп калышы мүмкүн

Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларга 10 сомдон кылып койбойлубу? Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев комитет жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозовго берди.

Ал, “тарифтерди бекитүү боюнча жаңы сунуштарды карап жатабыз. Балким, студенттер менен мектеп окуучуларына 10 сомдон болуп калышы мүмкүн” – деп жооп берди вице-мэр.

Ал ортодо Маматалиев жалпы депутаттарга кайрылып, “мэрияга тапшырма катары берели, мектеп окуучулар менен студенттерге жол кирени 10 сомдон кылып коюшсун” деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев да бул демилгени колдоп, “башка мамлекеттерде мектеп окуучуларын керек болсо бекер ташышат, 5 сомго түшүрүш керек, акча табышсын да” – деди.

Анда мурунку, эски  8 сом   тарифинде калсын деген тапшырманы берели да, чечимге жазып коёлу дешти депутаттар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>