Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Сот Калмаматовдун баш коргоо чарасын карап жатат
24.12.2021 | 13:53
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы каралып жатат. Бул туурасында “Азаттык” жазып чыкты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.
Ал 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалган.
28-ноябрдагы парламенттик шайлоого “Азаттык” партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат