Жогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылат
Кайра шайлоо. БШК ЖМКларды аккредитациялоонун мөөнөтүн жарыялады
29.12.2021 | 12:51
Бишкектин Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.
Ага карата Борбордук шайлоо комиссиясы массалык маалымат каражаттары жана интернет-басылмалар эфир убактысын жана үгүт материалдарын жайгаштыруу аянтчасын берүү үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат берүүгө тийиш болгон күндү жарыялады.
Кайра шайлоону өткөрүү күнү БШК тарабынан расмий жарыяланган күндөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен, тактап айтканда, 2022-жылдын 9-январына чейин өткөрүлөөрү белгиленген.
БШК 13-январды кошо алганда, кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыяланган күндөн тартып 17 күндөн кечиктирбестен расмий сайтында маалыматты жарыялоого милдеттүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат