Жогорку Кеңештин төрагасынын үч орун басарын тандоо үчүн жашыруун добуш берүү болду. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Улан Примов, Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиевдер вице-спикерликке шайланды.
Депутаттар Улан Примов, Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиев, Нурлан Азыгалиевди сунушташкан. Нурлан Азыгалиев өтпөй калды.
Бүгүн Жогорку Кеңештин бүткүл комитетинде депутаттар “3 вице-спикер керек деген” чечим кабыл алышкан.