Айпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыБишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жататБишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөтБишкектин бир катар райондорунда 29–30-октябрда газ берүү токтотулатБишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары жол иштерине нааразы болушту — бийликтин жообу28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Алматы аэропортунун иши 13-январдан тарта жанданат
12.01.2022 | 15:48
Алматы эл аралык аэропорту 13-январдан тарта ишин улантат. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитетине шилтеме берүү менен Orda.kz билдирди.
Аба портунун жетекчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, ички жана эл аралык каттамдар авиакомпаниянын учуу графигинин убактысына ылайык саат 8.00дөн 21.00гө чейин аткарылат.
5-январда Алматы аэропорту басып алынып, бардык жүргүнчүлөр мейманканага эвакуацияланган. Эки күндөн кийин аба порту көзөмөлгө алынды.
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар