Бишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтотот
Өлкөдө үй-бүлөдөгү каражаттын тартыштыгынан 201 бала мектепке бара албай калган
12.01.2022 | 16:09
Республика боюнча райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктардан улам мектепке барбаган 6 жаштан 17 жашка чейинки 201 бала аныкталган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунда 70 бала, Ысык-Көл облусунда 37, Чүй облусунда 31, Баткен облусунда 24, Жалал-Абад облусунда 10, Нарын облусунда 9, Ош облусунда 5, Бишкекте 9 бала, Ошто 6 бала мектепке барбайт.
Ошондой эле бул балдарга керектүү кийим-кече, мектеп формасы жана канцелярдык буюмдарды алуу үчүн президенттин резервдик фондунан беш миллион сом бөлүнгөнү айтылды. Социалдык кызматкерлер бул каражаттар балдарды мектепке кайтаруу үчүн иштетилип жатат дешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом