Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору: Садыр Жапаров дипломун “эң жакшы” баага жактаган
21.01.2022 | 17:21
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөнүн, бирок бир дагы жолу аны окуу жайдан көрбөгөнүн Twitter баракчасына жазып чыккан.
Көп өтпөй Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору 2006-жылы Садыр Жапаров юридика факультетин сырттан окуу (заочное) бөлүмүн бүтүргөнүн жана дипломдук ишин “эң жакшы” деген баага жактаганын тастыктаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Ошондой эле ректор Жапаровдун дипломдук ишинин темасы «Жогорку Кеңештин депутатынын конституциялык-укуктук абалы» болгонун айтты.
Бекешев: Садыр Жапаровдун Кыргыз-Орус Славян университетиндеги Жапаровдун группалаштары барбы?
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат